Элчиликтин ачылуу аземине Швейцариядан Кантондор Кеңешинин президенти Ханс Альтер баштаган делегация катышат. Швейцариядан келген өкүлдөр элчиликти ачуу аземинен сырткары Кыргызстандын мамлекет башчылары менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Швейцария Кыргызстан менен өлкө эгемендик алгандан бери тыгыз алака жүргүзүп келет. 1994-жылы эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Буга чейин Швйцариянын кызматташуу бюросу тарабынан Кыргызстандагы бир катар өнүктүрүүчү долбоорлор каржыланган.(ZKo)