Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:00

Бозгунда жүргөн ирактык вице-президент үчүнчү жолу өлүмгө өкүм этилди


Жекшембиде Иракта сот азыр бозгунда жүргөн вице-президент, сунни саясатчысы Тарик ал-Хашемини үчүнчү жолу өлүм жазасына буйруган өкүмүн чыгарды. Багдаддагы сот кечээ аны 2011-жылы ирактык шийилерге каршы дүрмөттөлгөн машине менен теракт даярдоого катышкан деп тапты. Сот Хашеминин качып жүргөн күйөө баласын да ушул эле айып менен өлүмгө өкүм кылды. Тарик ал-Хашемиге буга чейинки эки жолку өлүм жазасы кылмыш топторун колдогон жана Ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу чиновнигине кол салууга аракет кылган деп чыгарылган болчу. Хашеми өзү ага каршы ачылган кылмыш иштерин саясий себептер менен түшүндүрөт.

 

XS
SM
MD
LG