Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

7-ноябр Кыргызстанда дем алыш күн


Келерки шаршемби, 7-ноябр кыргызстандыктар үчүн дем алыш күн. Өлкө Октябр социалисттик революциясынын күнүн белгилейт. 1990-жылдардын башына чейин бул күндү социалисттик республикалардын баары негизги майрамдардын бири катары белгилеп келген.

Эгемен Кыргызстанда 7-ноябрды кайрадан майрамдоо тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган. Адатта бул күн Бишкектин эски аянтында Лениндин эстелигине гүл коюу жана коммунисттер уюштурган чакан митинг менен гана чектелет.

7-ноябрда Кыргызстанда дагы бир майрам - журналисттердин күнү. 88 жыл мурда улуттук тунгуч гезит жарык көргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG