Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Чуулуу тасма: Бабанов президент, Ташиев премьер...


Тасмада 3-октябрда Ак үйдү алуу ишке ашпай калганы да айтылат. (Сүрөттө: Ак үй алдындагы тополоң, 3-октябрь, 2012.)
Тасмада 3-октябрда Ак үйдү алуу ишке ашпай калганы да айтылат. (Сүрөттө: Ак үй алдындагы тополоң, 3-октябрь, 2012.)

11-ноябрга төңкөрүш уюштурулуп жатканы сөз болгон жашыруун тартылган тасма 5-ноябрда интернетке жайылып кетти.

Жарым сааттык бул тасмада Айсулуу аттуу келиндин Алтын жана Бакыт деп көрсөтүлгөн адамдар менен сүйлөшүүсү тартылган. Бул тасмадагы келин 2010-жылы 7-апрелде Абдулла Юсупов менен бирге талап-тоноочулукка катышканы тууралуу буга чейин көрсөтмө берген Айсулуу Дүйшөнкулова экени белгилүү болду.

Анда ал келин 11-ноябрга революция уюштурулуп жатканын, анда да талап-тоноо болоорун, план боюнча мурунку премьер-министр, “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов президент, ал эми “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев премьер-министр болоорун, парламенттеги “Республика” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулаймановду жакшы таанырын, криминалдык лөктөр Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана тергөө абагында жаткан Абдулла Юсупов менен байланышы бар экенин айтат.

“Республика” партиясы бул чуулган видео тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты, ал эми “Ата-Журт” муну кара пиарга чыгарууда.


"Үчүнчү ыңкылаптан" үмүтпү?


Дээрлик жарым сааттка созулган бул видеодо Айсулуу аттуу келин менен ысымдары Алтын жана Бакыт деп көрсөтүлгөн адамдар үйдө чай үстүндө шашпай сүйлөшүп отурат. Баарлашып отургандар жакшы тааныштар экенин байкаса болот. Бирок Айсулуунун тамырын тартып кеп козгоп, суроо узатып жаткандар бул сүйлөшүү катылган камерага жашыруун жазылып жатканын билгендей.

Видеодо келин 11-ноябрда үчүнчү ыңкылап болоорун, аттуу-баштуу саясатчылар менен тааныш-катыштыгы бар экенин айтып отурат. Тактап айтканда, “Республика” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулаймановду жакшы таанырын, Бабанов менен жакындан сүйлөшпөсө да бири-бирин биле турганын айтат. Мисалы өзү ооруканага жатканда, адвокат жалдаганда “Республика” партиясы чыгымын көтөрүп берген дейт.

3-октябрда Ак үйдү алуу ишке ашпай калганын, эми 11-ноябрга белгиленип жатканын, “Ата-Журтка” балдар керектигин, аларды курал-жарак менен камсыздай алаарын, тилектери ишке ашса Бабанов президент болоорун, Ташиев премьер-министр болоорун ачык сөз кылат. Айсулуу “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү экени тууралуу күбөлүгү бар экенин да кыстарат.

“Республика” партиясы бул видео боюнча комментарий берүүдөн баш тарты. “Ата-Журт” болсо муну курулай каралоо деп атады. Аталган партиянын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов келиндин айткандарын жокко чыгарууда.

- Биздин партиянын канча миңдеген мүчөлөрү бар. Ар биринин эмне деп сүйлөп, эмне иш кылып жүргөнүн биз билбейбиз да. Азыр эмне болсо эле Ташиевди, “Ата-Журтту” кошуп жамандаган өнөкөткө айланып кетти. Эми ал аял дагы калп сөздөрдү сүйлөгөнү көрүнүп турат. Эми аны бир Кудайга гана коюш керек...

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Нурлан Токталиев видео иликтенип жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул видео материал боюнча УКМК тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлө баштады. Видео кандайча чыкты, кимдин аны тартканга тиешеси бар, анда айтылган сөздөр чынбы, же чын эмеспи ошолор текшерилет.


Айсулуу Дүйшөнкулова деген ким?


Айсулуу Дүйшөнкулованын ысмы 2010-жылы 7-апрелдеги талап-тоноочулук боюнча аталып жаткан эле. Бул келин азыркы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын көрсөтмөсү аркылуу Абдулла Юсупов менен бирге талап-тоноочулукка катышканын айтып көрсөтмө берген. Талап-тоноого катышканы үчүн үй, машина жер убада кылынганын, бирок ал аткарылбагынын даттанып маалымат жыйын да өткөрүп жүргөн.

Айсулуу “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен да соттошуп жаткан болчу. Текебаев бул видео "атамекенчилерди" каралоо аракеттеринин бетин ачып жатат деп эсептейт:

- Айсулуу аттуу айымды мен февраль айында сотко берип, сотто баары жалган деп кечирим сурап мойнуна алган. Бирок кайра акча берип койгонбу, кайра андан да күчөп баштады. “Жалган жалаа жабуу” дегенге кылмыш жобо жок болгондуктан кадыр-барк, ар-намыс дегенди билбеген адамдар жалган жалаа жаап калды. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей коомдун таштандылары болгон, майда кылмыш менен күн көрүп жүргөн адамдарды партнер кылып, аларды тележылдызга айландырып туруктуу, бекем пайдубалы бар саясат түзөм дегендин келечеги жок экенин далилдейт.

Абдулла Юсуповдун айткандары боюнча парламенттеги “Республика” фракциясы менен “Ата Мекен” талашып-тартышып келет. Апрель ыңкылабындагы талап-тоноочулукту иликтөө үчүн депутаттык комиссия да түзүлгөн эле. Комиссиянын иши азырынча аягана чыга элек.

XS
SM
MD
LG