Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:30

Барскоон: Атасы бычак менен ичке сайган наристенин абалы оор бойдон


Ысык-Көл облусунда мас адам эки жашар баласын бычак менен ичке сайган окуя катталды. Бул тууралу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди . Анын айтымында, окуя кечээ кечки саат беште болгон.

1974-жылы туулган Барскоон айылынын тургуну өзүнүн эки жаштагы баласын бычак менен ичке сайган. Бала учурда райондук ооруканада жатат. Анын абалы оор экенин, эсине келе албай жатканын Жети-Өгүз райондук оорукананын башкы дарыгери Садыр Чыныбаев билдирди. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG