Ак үйдөгү экинчи мөөнөт үчүн ат салышып жаткан АКШ президенти Барак Обама бүгүн шайлоо күнүн Чикагодо өткөрүүдө.
Ал демократтардын жергиликтүү кеңсесине баш баккан учурунда бүгүнкү добуш берүүнүн ыктымал жыйынтыктары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
-Мен биз шайлоону жеңе тургандай добуш алабыз деген ишенимдемин. Бирок бул акыр аягында канча адам добуш берээрине көз каранды. Андыктан мен бардык адамдарды баалуу, катуу күрөшүп жеткен укугун колдонууга чакырам. Америкалыктарга ыраазычылык билдиргим келет. Мен үчүн алардын мамилеси - чоң оптимизмдин булагы. Себеби мен алардын ак ниеттүүлүгүнө, эмгекчил жана бүткүл күч-кубаты менен өз өлкөсүнүн алга жылышына жардам берүүгө умтулган карапайым адамдардын даанышмандыгына ишенем.
Бүгүнкү шайлоо АКШ тарыхында президенттикке талапкерлер тең-таймашкан,
жыйынтыгын күн мурунтан болжоо кыйын өнөктүк катары мүнөздөлүүдө.
Коомдук пикирди сурамжылоонун буга чейинки жыйынтыктары эки
талапкердин эл арасындагы бедели дээлик бирдей экенин көргөзгөн.
Бирок шайлоонун жеңүүчүсү жалпы элдин добушунун санына эмес, талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын канча добушун аларына жараша аныкталат.
Шайлоочулар коллегиясында 538 добуш бар, ал добуштар АКШнын ар бир штатына жана борбор Вашингтондун калк санына жараша бөлүнгөн.
Андыктан, талапкерлер кайсыл бир штатттын шайлоочулар коллегиясынын бардык добушун алыш үчүн, ошол штаттын шайлоочуларынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болушу керек.
Талдоочулар шайлоо жыйынтыгы “арсар” деп аталган жети штаттан көз каранды экенин айтышууда.
Талапкердин жеңиши үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270не ээ болуу зарыл. (UE)