Кеңсеси Лондондо жайгашкан “Эркин Тибет” бейөкмөт уюму акыркы бир сутканын ичинде Кытайдын Тибеттеги саясатына нааразы болгон төрт адам өзүн өзү өрттөгөнүн маалымдады. Сычуан провинциясындагы полиция участогунун маңдайында өзүн өрттөгөн экөө оор абалда ооруканада, алардын бири 15 жаштагы өспүрүм окуя болгон жерде мерт кетти. Ушул эле күнү Синхай провинциясында 23 жаштагы аял да өзүн өзү өрттөгөнү кабарланды.
Тибет бийлигинин маалыматы боюнча кечээ күнү да беш адам ушундай кадамга барган. Кытайдын Тибеттеги бийлигине нааразы болуп өзүн өзү өрттөп өлгөн тибеттиктердин саны акыркы эки жылда алтымышка жетти.
Тибет бийлигинин маалыматы боюнча кечээ күнү да беш адам ушундай кадамга барган. Кытайдын Тибеттеги бийлигине нааразы болуп өзүн өзү өрттөп өлгөн тибеттиктердин саны акыркы эки жылда алтымышка жетти.