Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Греция парламенти кескин үнөмдөө камтылган 2013-жылдын бюджетин кабыл алды


Салыктарды көтөрүү жана чыгымдарды кыскартуу камтыган бюджеттин долбоорун парламенттеги башкаруу коалициясына кирген үч фракция ортосундагы талкуулардан соң кабыл алынды.

2013-жылкы бюджеттин жактырылышы өлкөнүн 31 жарым миллиард евро жардам алышы үчүн өтө маанилүү. Үнөмдөө чаралары кабыл алынмайынча, Эл аралык валюта фонду менен Евробиримдик Грецияга карыз беришпейт.

Ал ортодо бүгүн кечинде Евробиримдиктин 17 өлкөсүнүн финансы министрлери Брюселде жолугушат. Анда Грециянын маселеси да күн тартибинде болот.

XS
SM
MD
LG