Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Ысык-Көлдө жол четиндеги бак-дарактар кыйылып жатат


Бак-дарактарды кыюу жол кырсыгын азайтуу максатында болуп жатканын “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, облуста 2012-жылдын 10 айында 334 жол кырсыгы катталса, мунун ичинен 19,4% же 65 учуру жол жээгиндеги бак-дарактарды сүзүп, кырсыкка учурагандар болуп эсептелет.

Облустук ИИБинин жүйөөсүндө жол жээктеги бак-дарактар айдоочулардын көрүү
мүмкүнчүлүгүн гана чектебестен, кышкысын жолдордо муз тоңууга алып
келип жол коопсуздугуна коркунуч туудурат. Бул өңдүү жол кырсыктарынан
24 адам каза таап, 120 адам жаракат алган. Эми жол жээгиндеги
бак-дарактар Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 105
чакырымынан 190-чакырымына чейин , Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол авто
жолунун 184-чакырымынан 218-чакырымына чейин жана Каракол-Эңилчек авто
жолунун 1-чакырымынан 7-чакырымына чейин кыйылмакчы.

Ошол эле убакта айрым жаратылышты коргоочулар жол жээктеринде алды кеминде 60-70 жылдан бери турган бак-дарактарды кыюу абанын бузулушуна алып келерин айтып, кабатырлыгын билдиришүүдө.(MK)

XS
SM
MD
LG