Вашингтон Сирия оппозициясы түзгөн жаңы коалицияга колдоо билдирди. Катарда өткөн жолугушууда президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан оппозициялык топтор биригүү жөнүндө макулдашты. Жаңы топ Сирия оппозициясынын жана Революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясы деп аталат. Аны жетектөөгө суни динаятчы Моаз ал-Хатиб шайланды. АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тоунер оппозициялык уюмду куттуктап, Вашингтон аны менен иштешүүгө даяр деп билдирди.
Улуттук коалиция ошондой эле бирдиктүү аскердий командачылык астында аракеттенүү жана козголоңчулардын көзөмөлүндөгү аймактарда юридикалык комиссия түзүү тууралуу макулдашты. Эл аралык коомчулуктун толук колдоосуна ээ болгондон кийин коалиция убактылуу өкмөт курууну көздөп жатат.