Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Чечен президенти ингуш президентин сынга алды


Чеченстандын президенти террорчулардын сөөгүн мусулманча жерге берем деген Ингушетиянын президентин сынга алды. Рамзан Кадыров Юнус-Бек Евкуровдун атайын операцияларда өлтүрүлгөн террорчулардын сөөгүн мусулманча жерге берүү үчүн туугандарына кайтарыш керек деген пикирин айыптап чыкты. Евкуров бул тууралуу өткөн аптада өз блогуна жазган эле.

Кадыров Чеченстандын баш муфтийи ушул айда "ислам динине тиешеси болбогондуктан мындай кылмышкерлердин сөөгүн мусулмандардын мүрзөсүнө коюуга болбойт" деп айтканын белгиледи. Орусиянын карамагындагы бул эки жумурияттын президенттери орток чек арадагы террордук кол салуулар боюнча чырлашып келатышканына бир топ болду.

XS
SM
MD
LG