Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Депутат Сулаймановду камабай туруп тергөө сунушун парламент колдогон жок


Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясы “Ата журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеевдин камалышынын жана чет өлкөдө жүргөн депутаты Нурлан Сулаймановго кылмыш ишинин козголушунун мыйзамдуулугун териштирген комиссиянын тыянагын угуп, эске алынсын деген бүтүм чыгарды.
Комиссия депутат Нариман Түлеев 21-июнда жана 15-августта мыйзамсыз кармалып, камалды деп эсептеп, жооптуу прокуратура кызматкерлерин жоопко тартууну башкы прокуратурага сунуштоону парламенттен сурады. Ошондой эле депутат Нариман Түлеевге бөгөт коюу чарасын өзгөтүүнү Жогорку Сотко, депутат Нурлан Сулаймановду чет өлкөдөн кайтып келгенден кийин камабай туруп ишин тергөөнү Башкы прокуратурага сунуштоону да токтом долбоорунда белгилеген. Комиссиянын токтом долбоорундагы бул беренелер сессияда колдоо тапкан жок.

Депутат Нариман Түлеев Бишкек шаар мэри кезде коррупциялык иштерди жасаган деген негиз менен 15-августтан бери камакта отурат. Кылмыш Кодексинин 304-беренесине ылайык кызматынан кыянат пайдаланды деген негиз менен мурдагы Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго башкы прокуратура 21-июлда кылмыш ишин козгогон. Депутат акыркы эки айдан ашык убакыттан бери Жогорку Кеңешке келе элек. Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновдун билдиргенине караганда ал Германияда жүрөгүнөн операция жасатып, дарыланууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG