Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Пакистанда ооган талиптери бошотулганы тактала элек


Кабар агенттиктери Пакистан ооганстандык бир нече талипти бошотууга макул болуптур деп жазышууда. Бирок бул кабарды Пакистандын Тышкы иштер министрлиги ырастай элек. Ал эми Пакистан бийликтери менен Исламабадда жүрүп жаткан сүйлөшүүдөгү ооган өкүлү абактагы ооган талиптерин бошотуу тууралуу маселе боюнча мунаса али жетишиле элек экендигин бышыктады.

Салахуддин Раббани жетектеген ооганстандык делегация Исламабадда таасирлүү ооган талиптерин, анын ичинде талиптердин кол башчысы Абдул Гани Барадар молдону бошотуунун айласында жүрүшөт. Барадар талип козголоңчуларына сөзү өтө турган киши катары сүрөттөлүп келет.

XS
SM
MD
LG