Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Евробиримдик Нобелдин байгесин согуштан запкы көргөн балдарга жумшайт


Быйылкы Нобел тынчтык сыйлыгына ээ болгон Евробиримдик сыйлыктын байгесин согуштан запкы көргөн балдарга жумшарын кабарлады.

Европалык комиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу бул сыйлык дүйнөгө тынчтык алып келүүгө салым кошушу керектигин белгилеп, сыйлык байгеси согуштардан запкы көргөндүн жашоого үмүтүн кайрып бериши керек деди.

Азырынча акчаны биримдик кандай долбоорго жумшары белгилсиз. Сыйлыктын байгеси 1,2 миллион долларга жакын каражатты түзөт. Аны тапшыруу салтанаты кийинки айда Ослодо өтөт. Бул салтанатка Евробиримдиктин жетекчилери менен бирге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн жаш европалыктар арасында конкурс да жарыялады.

XS
SM
MD
LG