Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

"Хамастын" ракеталарынан Израилдин үч тургуну набыт болду


Газа тилкесине абадан сокку урулгандан кийинки бир көрүнүш. 15-ноябрь, 2012.
Ошол эле учурда Израил армиясы "Хамас" көзөмөлдөгөн Газа тилкесине чабуулун күчөттү.

Кечээ Израил "Хамастын" ракета атууларына жооп кылып, “Коргонуу таянычы” деп аталган операциясын баштаган. Газа абадан, деңизден, кургактан аткыланганда 13 адам, анын ичинде "Хамастын" аскерий башчысы Ахмед ал-Жаабари мерт болгон.

Жөөт өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху алар операцияны кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Эки тарап соңку атышуулар үчүн бирин бири айыптоодо.

Палестинанын БУУдагы элчиси Рияд Мансур Газа секторундагы окуяларды Израилдин Палестин автономиясы Улуттар уюмунда байкоочу макамын алышына жеткирбөө аракети катары мүнөздөдү. Ал эми Израил элчиси Рон Просор:

- Бул изралдик унаага атылган танктык рактедан башталды. Ким атты? "Хамас". Эл аралык деңгээлде таанылган террордук уюм Газа секторун ок дарылардын таштандысына айлантып салды. Ар бир өлкө, ар бир эле өз жарандарын коргоого укуктуу.

БУУнун Коопсуздук кеңеши кечээ кечинде кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулду, бирок кандайдыр бир чара көргөн жок. (UE)

XS
SM
MD
LG