Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

УКМКнын тергөө абагында өз жанын кыйган МАИчи соттон акталды


Бейшембиде Бишкек шаардык соту феврал айында УКМКнын тергөө абагында өз жанын кыйган Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаевди пара алуу беренеси боюнча актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эшбаевдин адвокаты Кайрат Загибаев билдирди.

Анын айтымында, шаардык сот Эшбаевди “пара алуу” деген берене боюнча Октябр райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, бирок “кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу" беренеси боюнча чечимди күчүндө калтырды.

Загибаев бул берене боюнча да Жогорку Сотко кайрылып, Эшбаевди толугу менен актоого аракеттенерин билдирди.

Пара алды деген шек менен кармалган Эшбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү деп айтылганы менен туугандары буга ишенбей келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG