Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Бизди Кремль тыңшайбы?


Кыргызстандагы саясатчылардын жана мамлекеттеги чечүүчү орундардагы кызмат адамдарынын телефондук жана интернет байланыштары сырттан көзөмөлгө алынат.

Анткени 2008-жылы орусиялык өндүрүштөн чыккан СОРМ комплексинин PHANTOM үлгүсүндөгү жабдууларынын сыр ачкычтарынын көчүрмөсү чет элдик атайын кызматтын колунда калган деген күмөн саноолор күчөдү.

Буга 2010-жылы кыргызстандык саясатчылардын ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөрдү жазып алып, аны ачыкка жарыялап жиберген окуялар негиз боло алат дешет адистер.

Талдоочулар мындай абалдын уланышы Кыргызстан азыр деле толугу менен сырткы күчтөрдүн таасиринде калышына алып келет деп кооптонушат.

СОРМ комплексинин көзөмөлүндө

2008-жылы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана Мамлекеттик күзөт кызматы издөөнү уюштуруу иш-чараларынын алкагындагы СОРМ комплексине кирген заманбап үлгүдөгү тыңшоочу жана жаздырып алуучу жабдууларга ээ болгон. Орусиялык өндүрүштөн чыгарылган ал жабдуулардын жалпы наркы 7 миллион доллардын айланасында экенин жогорку маалымат технологиялары боюнча адистер белгилешет.

СОРМ комплексине кирген ал жабдуулар негизинен үч муунга бөлүнүп, PHANTOM жана “Куръер” деген көзөмөл жүргүзүүчү программалык жабдуулардан турат. Бул аппараттардын ар бири бир убакта 20 миң абоненттин байланышын көзөмөлдөп, жаздырып алууга жөндөмдүү. Программалык камсыздоо бир эле учурда санариптик жана кабелдик телефон станцияларын, интернет байланыштарын көзөмөлгө ала алат.

Аталган жабдуулардын сыр-ачкычтарынын көчүрмөсүнө ээ болгон чет элдик атайын кызматтар мындагы өздөрүн кызыктырган телефондук жана интернет байланышууларды толук көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Интернет саясатынын жарандык демилгелери" уюмунун өкүлү Элнура Кудайбердиева мына ошол жабдуулардын сыр ачкычтарынын көчүрмөсү бөтөн өлкөнүн колунда калганы кооптуу экенин белгиледи:

- СОРМ комплекси бул орусиялык вариант. Бакиевдин маалында анын жабдуулары кадимки телефон станцияларына жана уюлдук операторлорго коюлган. Аталган программалык камсыздоонун өзүнүн сыр ачкычтары болот. Биздин маалыматка караганда, мына ошол сыр ачкычтардын көчүрмөлөрү орусиялык өндүрүшчүнүн колунда калган. Албетте мындай технологияга ал жактын атайын кызматтары көзөмөлдүк кылып турганы калетсиз. Алар мына ошол сыр ачкычтардын көчүрмөсү аркылуу мындагы программалык жабдууга кирип, анын ичинде жазылып жаткан абоненттердин сүйлөшүүлөрүн ала алат. Ошол эле кезде өздөрүнө керектүү абоненттердин телефонун тыңшап, электрондук почталарын ачып, окуй алышат.

Уйкуну бузган тыңшоолор

2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген кыргызстандык саясатчылардын телефондук сүйлөшүүлөрү “Телефонгейт” деген ат менен белгилүү болду. Анда алардын өз ара бийлик жана каржы ресурстарын бөлүштүрүүгө байланышкан талаш-тартыштары коомчулуктун көңүлүн бурган эле. Бирок мына ошол сүйлөшүүлөрдү тыңшап, жазып алгандардын ким экени жана алардын чыныгы максаты коомчулукка белгисиз бойдон калып кетти.

Бул мыйзамсыз тыңшоолорду ким уюштурганы жана андай техникалык мүмкүнчүлүккө ээ болгон кандай кызмат экени да кийин иликтөө учурунда негедир аныкталган эмес.

Мына ошол телефондук сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын бири, саясатчы Азимбек Бекназаров сүйлөшүүлөрдү тыңшоону ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн саясатына каршы турган айрым мамлекеттердин атайын кызматтары уюштурганынан шек санабайт:

- Биз мына ошол телефондук сүйлөшүүлөр боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берип, иш козготкон болчубуз. Мени менен Атамбаевдин, мени менен Сариевдин телефон сүйлөшүүлөр болгонун түшүнүк катта жазып берген болчумун. Аны кимдер тыңшап, кимдер интернетке койгонун оңой эле тапса болот деп айткан болчубуз. Бирок негедир анын бети ачылбай калып кетти. Мында эми ошол учурда Убактылуу өкмөткө каршы турган алыскы жана жакынкы коңшу мамлекеттердин атайын кызматтары аралашканы көрүнүп эле турат. Себеби алар ошол учурда убактылуу бийликти көңтөрүп түшүп, ордуна өздөрүнө ыңгайлуу адамдарды алып келүүнү болжошкон. Ошон үчүн биздин ички ыйкы-тыйкыбызга чейин угуп, аны жаздырып алып, каалагандай бурмалап туруп, коомчулукка жарыялоонун максаты ошол болгон.

Анткени Убактылуу өкмөт ошол кезде Орусиянын сунушунан баш тартып, парламенттик башкаруу системасын киргизүүгө киришип калган болчу.

Талдоочулар мындайды жактырбаган расмий Москва менен Астана Кыргызстанда алардын көзүн караган адамдар бийликке келишине кызыкдар болгон деген жүйөнү карманышат. Ошондуктан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы келишпестиктерди жазып алып, алардын абийирин кетирүү максаты болгон дешет айрым саясат таануучулар.

You Tube сайтына коюлган Сариев менен Бекназаровдун, Атамбаев менен Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүлөрү азыркы күнгө чейин сакталып турат:



Атактуу “Телефонгейт” иши боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу азыркы учурда Башкы прокуратуранын кабары жок. Ошол эле кезде башкы көзөмөл органы 2008-жылы тыңшоочу жана жаздыруучу жабдууларды Кыргызстанга алып келип, байланыш операторлоруна орнотууну талап кылган факты боюнча да иликтөө жүргүзгөн эмес. Болгону Ички иштер министрлиги мурдагы министр Зарылбек Рысалиевдин тушунда Түркиядан алынган наркы 5,5 миллион долларлык тыңшоочу жабдуулар боюнча гана иликтөө ишин жүргүзгөн.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев бул боюнча мындай дейт:

- Бул боюнча ошол учурда иш козголгонун биринчи жолу угуп жатам. Биз ал кезде иштеген эмеспиз да. Анан Бакиевдин учурунда мына ошол тыңшоочу жабдуулар кандайча жана канча акчага алынып келингени боюнча маалыматым жок. Өткөндө парламенттин комитетинде ушул жагдайды иликтеш керек деген маселе көтөрүлгөн эле. Бирок биз ИИМ тарабынан Рысалиевдин тушунда алынып келинген жабдуулар боюнча эле текшерүү жүргүзүп жатабыз. Аны каяктан жана кандай багыттагы каражатка же кандай наркта алып келип орноткон жагдайларды иликтеп жатабыз. Бирок бул боюнча текшерүү аягына чыга элек.

Жаныш менен Максимди ким тыңшаган?

Ал эми июнь коогасынын алдында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш менен уулу Максимдин Кыргызстанда башаламандык уюштуруу боюнча телефондук сүйлөшүүлөрү да жарыяланган болчу.

Алардын бири ошол кезде Латвияда болсо, экинчиси Тажикстандын аймагында турган деп айтылып жүрөт. Мындай аралыктагы телефондук байланышты тыңшап жана жазып алууга Кыргызстандын атайын кызматынын техникалык мүмкүнчүлүгү жетмек эмес дешет адистер. Ошондуктан ал сүйлөшүүлөрдү чет элдик атайын кызматтар уюштурган болушу мүмкүн деген пикирлер үстөмдүк кылат.

Ош, 16-июнь, 2010-жыл
Ош, 16-июнь, 2010-жыл
Андай болсо мына ошол сүйлөшүүнү жазып алып, ачыкка чыгарган чет элдик атайын кызмат кандай максатты көздөгөн? Мүмкүн июндагы этникалык кагылышты уюштуруудагы өзүнүн изин жашыргысы келгенби деген суроолорго азырынча жооп табыла элек. Себеби Жаныш менен Максим башаламандык уюштургусу келген учурда деле чоң күчтөрдүн көмөгүсүз мындай масштабдуу кагылышууларды уюштурууга чамасы жетмек эмес дешет талдоочулар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов ал телефондук сүйлөшүүлөр кандайча жазылышы мүмкүн экени боюнча өзүнүн эксперттик көз карашын ортого салды:

- Ар кандай аба толкунундагы сүйлөшүүнү кандай жыштыкта экенине карабастан спутник аркылуу укса болот. Аталган техниканы Кыргызстанга көтөрүп келип алып угуунун кажети жок. Дайын-дареги жана координаттары белгилүү болсо, керектүү абонентти дүйнөнүн кайсы жеринде туруп ар кандай аралыкта турган объектини укса болот. Мындай иштерди мына ошондой техникалык мүмкүнчүлүгү бар өнүккөн мамлекеттердин атайын кызматтары гана уюштура алышат. Кандайдыр бир сыр сөздөрдү киргизип коюп, ошол аркылуу атайын жабдуу жыштыктан кармап угуп, жазып алган усулдар да бар. Мүмкүн мына ошондой усулдар менен жанагы сүйлөшүүлөр тыңшалган болсо керек.

Ошол эле кезде мына ошол телефондук сүйлөшүүлөрдү жаздырып алуунун сыры мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев өзү СОРМ комплексинин алкагында Орусиядан алдырып келген жабдууларда болушу мүмкүнбү? Маалымат технологиясы боюнча адистер мындай божомолду жокко чыгарышпайт. Алардын айтымында, азыр деле Кыргызстандагы чечүүчү кызмат орундардагы адамдардын сүйлөшүүлөрүн тыңшап маалымат чогултуп, аларды өздөрүнүн кызыкчылыгына карата пайдаланбайт деп айтууга кепилдик жок. Буга Кыргызстандагы телефон жана интернет байланыштарын көзөмөлдөө ишинин ирээтсиздиги да себеп болгон.

Мыйзамдагы мүчүлүштүктөр

Анткени тыңшоо жана ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүүгө Улуттук коопсуздук комитетинен башка онго чукул кызматтын укугу бар. Элнура Кудайбердиеванын айтымында, СОРМ комплекси аркылуу тыңшоолорду жүргүзүү иши мыйзамдык жөнгө салууга муктаж:

- Жанагы уюлдук операторлор аркылуу көзөмөлгө коюлган абоненттердин жазылган материалдарын учурда тартип коргоо органдарынын кызматкерлери барып ала алышат. Мыйзамда мына ошол тыңшоолорду коюунун тартиби так көрсөтүлбөгөндүктөн ким кандай маалыматтарды тыңшап же жаздырып алып жатканы белгисиз. Аны кийин кандайча колдоноору да белгисиз. Аны үчүнчү бир тарапка сатып жибериши да мүмкүн. Мына ошондой коопсуздук жагын чектей турган чаралар мыйзамдын жобосунда каралган эмес. Ошондуктан бул маселени мыйзамдык жактан тартипке салуу жагы зарыл болуп турат.

Мыйзам боюнча жарандардын телефондук же башка байланыштары козголгон кылмыш ишинин алкагында гана тыңшалууга тийиш. Бирок эксперттер азыркы учурда мурдагы авторитардык бийлик режимдери учурундагыдай эле саясатчылардын, аткаминерлердин, журналисттердин телефондук байланыштары тыңшалып турганынан күмөн санашпайт.

Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев ири ишкерлер менен саясатчылардын арасында тыңшоочу жабдуулардан коргонуучу аппараттарды пайдалангандар да аз эмес экенине токтолду:

- Кудай ургандай техникалык жабдуулар пайда болуп жатпайбы. Ошондуктан кээ бир биздин саясатчылар же ири ишкерлер өздөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн тыңшоолорго тоскоол боло турган жабдууларды сатып ала башташты. Алардын баасы 7 миңден 15 миң долларга чейин экен. Демек мына ошонун өзү эле бизде сүйлөшүүлөрдү бир эле тарап эмес, азыр ар кандай күчтөр угушу мүмкүн деген жыйынтыкка алып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ыкчам издөө иштерин уюштуруу боюнча мыйзамды иштеп чыгуу жана анын алкагында кошумча тартиптерди киргизүү маселеси боюнча демилге көтөрүүдө. Бирок учурда тыңшоочу, жаздыруучу, байкоочу жана сүйлөшүүлөрдүн мазмунун жандыруучу жабдуулардын түмөн түрлөрү пайда болду. Мындай жабдууларды өндүрүштөн чыгаруу мурда атайын кызматтардын гана көзөмөлүндө болуп, буйрутма менен чыгарылса, учурда алардын заманбап түрлөрүн ачык эле рыноктон таап сатып алууга жол ачылды.
XS
SM
MD
LG