Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Грузияда ИИМдин 12 жогорку жетекчисине айып тагылды


Грузияда Ички иштер министрлигинин 12 жогорку жетекчисине кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылды. Баш прокурор Арчил Кбилашвили бүгүн журналисттерге маалымдагандай, грузиялык жогорку саясатчылардын, анын ичинде азыркы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин буга чейинки сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз жаздырып турган деп шектелген адамдар кечээ кармалган.

Прокурор 12 киши Иванишвилинин жан сакчысын уурдап кеткен деп да шектелүүдө. Ал кийин саясатчынын партиясын каралаган билдирүүлөрдү жасаган.

Иванишвилинин "Грузия кыялы" кыймылы ушул октябрда президент Михаил Саакашвилинин партиясын жеңген. Өткөн аптада мурдагы ички иштер министри, куралдуу күчтөрдүн штаб башчысы жана армия генералына каршы кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG