Кыргыз кино күнүнө байланыштуу бүгүн Бишкектеги Кино үйүндө режиссер Геннадий Базаровдун “Нонсенс” аттуу драмалык көркөм тасмасынын бет ачары болду. Анда аткаминерлерге жагынганды билбеген актердун психологиясы чагылдырылган. Мукталы Бектеналиев бүгүнкү кино күнү башка да расмий иш-чаралар менен коштолду.
Киночуларды бул күнү президент Алмазбек Атамбаев куттуктап, "кыргыз керемети" деген атты дүйнөгө тааныткан кыргыз режиссерлорунун көчү уланып келаткандыгына ыраазычылык билидирген. Ушундай эле куттуктоону киночуларга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да жолдоду. "Улуттук кинонун материалдык–техникалык базасын чындоо, кино тартуу ишин каржылоону көбөйтүү - бул мамлекеттин эң маанилүү маселеси" деп айтылат премьер-министр кино ишмерлерине жолдогон куттуктоодо. (ZB)