Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

Дүйнөлүк державалар Ирандын өзөктүк программасын талкуулашат


Бүгүн Брюсселде Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШнын делегациялары Ирандын өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүнүн жаңы раундун талкуулашат. Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн үч раундунда Иран менен мунасага келе албай коюшкан.

Иран Батыштын атомдук куралды жасоого колдонуу үчүн уран байытып жатат деген айыптарын четке кагып келет. БУУнун Коопсуздук кеңеши болсо бул боюнча атайын резолюция да кабыл алган. Ал эми Евробиримдик өткөн айдан тарта бир катар санкцияларды күчөтүп, Ирандын газын сатып алуудан баш тарткан. Ошондой эле Ирандын мунайын да сатып алууга да эмбарго коюлду. БУУнун докладдарында болсо ушул айда Иран Фордодогу жер алдындагы заводдо уранды байытуунун көлөмүн кескин көбөйткөнү тууралуу айтылат.

 

XS
SM
MD
LG