Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен Ош базарда рейд жүргүздү. Анда 350дөй аталыштагы дары-дармек кармалды. Анын теңине жакынынын баасы такталып, 81,5 миң сомду түзөрү аныкталды. Калгандарыныкы уланууда. Ушул тушта Ленин районунда да ушундай рейд уланып жатат.
Кыргызстанда жалпысынан 2963 фармацевтикалык уюм бар. Мындай жайлардан сырткары Ош базарында негизинен Казакстандан жана Орусиядан аткезчилик жолу менен келген дары-дармек сатылат. Аларды кармоого маал-маалы менен рейд уюштуруп турат. (EBM)