Орусияда кечээ күчүнө кирген “Чет өлкөлүк агенттер” жөнүндөгү мыйзам бейөкмөт уюмдардын катуу каршылыгына туш болууда. Ал мыйзамга ылайык, чет мамлекеттерден грант алып иштеген, өлкөдө саясатка аралашкан уюмдар “чет өлкөлүк агент” деп каттоодон өтүшү зарыл.
Шаршембиде белгисиз бирөөлөр адам укуктарын коргогон “Мемориал” уюмунун Москвадагы кеңсесинин дубалына “Чет өлкөлүк агент. I love USA” деп жазып кетишкен. Уюмдун башчысы Олег Орлов муну жаңы күчүнө кирген мыйзам менен байланыштырды. Анын айтымында, өлкөдө активдүү иштеген ондогон уюмдар анын негизинде каттоодон өтүүдөн баш тартышты.
Орусияда адам укугун коргоо жаатында иштеген эң эски уюмдун – Москвадагы Хельсинки тобунун – төрайымы, 85 жаштагы белгилүү активист Людмила Алексеева мыйзамды “абсурд” деп атап, ага баш ийбей турганын айтты. Мыйзамга бойкот жарыялаган уюмдардын катарында шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү “Голос”, коррупцияны иликтеген Transparency International, адам укугун коргоочу “Агора”, “Жарандарга жардам” жана “Адам укуктары үчүн” деген уюмдар да бар.