Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Евробиримдиктин жогорку өкүлү Грузия жана Борбор Азия боюнча сапарга чыкты


Кэтрин Эштон.
Кэтрин Эштон.
Тышкы саясат боюнча жогорку өкүл Кэтрин Эштон адегенде бүгүн Тбилисиге келип, грузин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эртең Кыргызстанга токтоп, андан ары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга барат.

Сапары алдында “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Евробиримдиктин Борбор Азия менен болочок иш багыттарынын айрымдары тууралуу Эштон буларды белгиледи:

-Мен билим берүү боюнча көбүрөөк иш жүргүзүүнү каалайм. Биз жарандык коомду жана бул өлкөлөрдүн экономикалык жактан алга жылышын колдогубуз келет.

Бул Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн Борбор Азиядагы алгачкы сапары.

“Хьюман Райтс Уоч” уюму Эштонду аймакты кыдырган учурунда адам укугун коргоочулар менен жолугуп, бийликтерди абакта негизсиз отурган активисттерди бошотууга чакырууга үндөгөн. (UE)

 

XS
SM
MD
LG