Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

Жалал-Абад соту Санпа окуясы боюнча ишти кароодо


Бүгүн кеч бешимде сот Сузак айылынын орусиялык жараны Шамсутдин
Ниязалиевдин көрсөтмө берүүсү менен башталды. Ал 2010- жылы 21-майдан
20-июлга дейре Өзбекстанда жүргөндүгүн, андан ары Ташкент аркылуу
Орусияга учуп кетип, 2011-жылдын 19-январында Казакстандын Чымкент
шаарында кармалгандыгын жана Санпа окуясына тиешеси жоктугун
билдирди. Ага байланыштуу кылмыш ишти териштирип жаткан облустук соттук
коллегиянын төрагасы Амангелди Молдобоев Ниязалиевдин 2010-жылдын
12-14-июнь күндөрү Ош-Бишкек жол боюндагы Санпа заводунун жанында
болгондугун тастыктаар күбөлөрдү далилге тартты.

Соттолуучу Ниязалиев жол боюндагы адам өлтүрүүлөргө, массалык башаламандыктарга катышып, мыйзамсыз курал алып жүргөн деп айыпталып, Сузак райондук сотунун ушул жылдын 25-октябрындагы өкүмү менен өмүр бою абакка кесилген. Анын жактоочулары ал өкүмдү жокко чыгарып, айыпталуучу Ниязалиевди актоо талабы менен облустук сотко кайрылган. Сот иши эртең түштөн кийин кайра улана турган болду.

Сотко 44 жабырлануучу жана 49 күбө көрсөтмө берүүсү абзел. Соттук материалдар
боюнча Санпа заводунун жанындагы калабада бейкүнөө 10 адам
мыкаачылык менен өлтүрүлүп, талап-тоноолор болуп, эки киши дайынсыз
жоголгон. Облустук милиция тогуз автоунаа өрттөлгөнүн билдирген.(YA)

XS
SM
MD
LG