Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбаев билдирди. Анын айтымында, кырдаалды жергиликтүү милиция гана көзөмөлдөп жатат.
Буга чейин кенге байланыштуу араздашуудан улам Оштон кошумча күч жөнөтүлгөнү боюнча сөз тараган.
Лейлектин Катраң айылындагы Апрель кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү жаштар кечээ Ош-Исфана жолун бууган. Маселени чечүүгө эртең, 30-ноябрга чейин убакыт чектеген. Алар алтын казыла баштаса суу булганып, экологияга зыяны тиерин айтууда. Кен Козу-Баглан суусунун башында турат, бул сууну Кыргызстандагы жана Тажикстандагы жүздөгөн адам ичет.
Буга чейин жергиликтүү эл кенди чалгындап жаткан орусиялык компаниянын вагон-үйлөрүн коңторуп, мончосун өрттөп салган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Лейлектеги кен маселесин иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. (EBM)