Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

УКМК: телефон “террорчусу” кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Манас” аэропортундагы бомба тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалганын кабарлады. Ага ылайык, Бишкек шаарынан 33 жаштагы тургуну 20-ноябрда түнүчүндө аба майданында жарылуучу зат бар экенин милицияга кабарлаган. Текшере келгенде такталган эмес.

Колго түшкөн адам ушул жылы июль айында 11-кичи райондо да бомба тууралуу жалган маалымат таратканы аныкталды. Учурда кылмыш иш козголуп тергөө жүрүп жатат.

УКМКнын билдиришинче, былтыр жыл башынан бери коомдук жайларга бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат боюнча 8 факт катталды. Жакында эле шаардагы “Бета сторес” соода борборго жардыргыч зат коюлганы жөнүндө эки ирээт жалган маалымат түшкөн эле. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG