Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:53

Алмазбек Атамбаев шайлоого баа берди


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Анда шайлоо эркин жана атаандаштык маанайда өткөнү менен айрым ыплас ыкмалардан арыла электигин көрсөткөнүн билдирди.

Атамбаев бул шайлоону өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүндөгү дагы бир кадам, ага катышкан партиялардын жана байкоочулардын көптүгү коомчулуктун активдүүлүгүнүн далили деп баалады.

Шайлоо кынтыксыз болбогонун, байкоочулардын көптүгүнөн андагы кээ бир кемчиликтер көз жаздымда калбаганын айтты. Тартип коргоо органдары бул мыйзам бузууларды дыкат текшерип, Жогорку Кеңеш өкмөт менен биргелешип мыйзамдарды даярдап, болочокто шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эч кимде күмөн ой жаралбашы үчүн бардык чараларды көрүү керектигин белгиледи.

Кыргызстанда 25-ноябрда 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG