Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:28

Палестин президенти мекенине жеңүүчү катары кайтты


БУУнун Жалпы жыйынында 30-октябрда палестин бийликтерине «мүчө эмес мамлекет» деген макамы берилгенден кийин, президент Махмуд Аббасты Рамаллада бүгүн чоң салтанат менен тосуп алышты. «Ооба, эми бизде мамлекет бар» деди ал Батыш Жээкте аны күткөн элге. Ал эми палестиндердин эки башкы саясий фракциялары болгон Фатах менен ХАМАСты элдештирүүгө көңүл бураарын белгиледи. Мунун алдында Израил БУУдагы добуш берүүгө байланыштуу, Палестин бийликтеринин атынан салык жана башка төлөмдөрдөн чогулткан 100 миллион доллардан ашык каражатты өзүндө калтыраарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG