Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстанда 3-4-декабрь күндөрү жааган кардан улам Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265чу чакырым), Каракол –  Эңилчек (45-90чу чакырым), Мырзаке –  Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150чү чакырым ), Ала-Бука – Каныш-Кыя (65-100чү чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү коркунучу жогорулайт, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

4-декабрда кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткендин айрым жерлерин туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоо жолдордо кар көчкү коркунучу көбөйөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге  жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  -8... -13 , күндүз  -2... +3 градус, Талас облусунда түнкүсүн  0… -5, күндүз  +6…+11  градус,  Баткен облусунда түнкүсүн  -4…+1,  күндүз  -+7…+12 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн   -3... +2, күндүзү  +7 ...+12 градус,  Ысык-Көл облусунда түнкүсүн   -5... -10, күндүз -1... +4 градус, Нарын облусунда түнкүсүн - 10... -15, күндүз -2...  +3 градус болот.

1-декабарда Бишкекте кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн.  Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз  +8…+10 градус болот. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG