Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

“АльфаТелеком” боюнча шаардык сот чечими күчүндө калды


Жогорку Соттун коллегиясы бүгүн «Альфа Телеком» ишканаcынын мурдагы жетекчилеринин адвокаттарынын ачылган кылмыш ишти кайрадан тергөө өтүнүчүн четке кагып, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу айыпталуучулардын биринин адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Буга чейин Биринчи май райсоту айыпталуучулардын адвокаттарынын ишти кайрадан тергөө өтүнүчүн канааттандырган. Бирок кийин прокуратуранын өтүнүчүн караган Бишкек шаардык бул чечимди жокко чыгарган.

«Альфа Телеком» ишканаcынын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков ишканага 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып менен ушул жылдын январь айында камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө компаниядан дагы 6 миллион доллар оффшордук аймакка чыгарылганы аныкталган. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG