Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Иран АКШнын пилотсуз учагын кармап алганын кабарлады


Иранда мамлекеттик маалымат каражаттары “Революция сакчыларына” шилтеме менен кабарлашкандай, өлкө АКШнын пилотсуз учагын Перси булуңунда кармаган. ScanEagle үлгүсүндөгү учактын кулачы үч метрге жетээри, ал чалгын иштери үчүн колдонулаары айтылат. Кабарда учак кантип кармалганы тууралуу айтылбайт. Болгону ал Ирандын аба мейкиндигине өтүп кеткени кабарланды. Өткөн айда Иран Кошмо Штаттарга тиешелүү дагы бир пилотсуз учакты аткылаганын, бирок тута албай калганын билдирген. Туура бир жыл мурда расмий Тегеран АКШга караштуу пилотсуз учакты кармаганын кабарлаган эле. Бирок Вашингтондо ал учак “ишке жарамсыз болгондуктан конгонго мажбур болгон” дешкен.

XS
SM
MD
LG