Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Казакстан террордук топ коркунуч жаратып жатканын билдирди


Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн коопсуздугуна “Жунд ал-Халифа” (же “Халифат жоокерлери”) деген террористтик топ коркунуч туудуруп жатканын алгачкы жолу моюнга алды. Комитеттин төрагасынын орун басары Кабдулкарим Абдиказымов Астанада бүгүн журналисттерге сүйлөп жатып, Ооган-Пакистан чек араларында түзүлгөн бул топко “айрым казак жарандары жана Казакстанда төрөлгөн адамдар” мүчө экенин билдирди. “Жунд ал-Халифа” былтыр Атыраудагы жардыруулар жана Тараздагы полициянын имаратына чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганда ишмердигине тыйуу салынган.

 

XS
SM
MD
LG