Сузак районунун Маркай аймагындагы шахтада беш адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу райондун акими Нурболот Мирзахметов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, окуя көмүр казууга лицензиясы бар “Шахта-Кыял” жоопкерчилиги чектелген ишканасына тиешелүү көмүр кенинде болгон. Шахтада 15 күн мурда көмүр күйүп кетип, газ чыга баштагандыктан иш убактылуу токтотулган. Каза болгондор көмүр казууну улантуу үчүн келген жумушчулар болушу мүмкүндүгү айтылууда.
“Каза болгондордун экөө Маркай айылынын тургундары. Бири 22 жаштагы Үркүнбаев, экинчиси 50 жаштагы Матиев. Дагы экөө жүз чакырым алыстыкта жайгашкан Кыз-Көл айылдык округунун Ак-Тоок айылынан келишкен. Алар: 1976-жылы туулган Салиев жана 1996-жылкы Калыкбаев. Бирөө Базар-Коргон районунан болгон. Анын сөөгүн жакындары алып кеткендиктен,тек-жайы тактала элек”,-деди Нурболот Мирзахметов
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин Сузакта шахта урап кеткени, өлгөндөр өз алдынча кен казып иштегени кабарланган болчу. (KKs)