Ички иштер министрлигинин башкармалыктары ортосунда эч кандай нааразылык жок. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ министр Шамил Атаханов Уюшма кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын кызматкерлери менен жолукту. Министр бул башкармалык мурдагыдай эле кылмыштуу топторго, өзгөчө оор кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшө берерин билдирди. Кечээ бир катар маалымат каражаттары ИИМде ич ара каршылык пайда болгону тууралуу жазып чыгышкан болчу. (KKs)