Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен жолугуп, "Өнүгүүнү колдоо операциялары" программасын ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, андан банктын өкүлдөрү Кыргызстан бул программанын бардык шарттарын аткарганын, эми анын жыйынтыгы менен 30 миллион доллар берүү чечими кабыл алынарын билдирди. Банктын деректирлер кеңеши Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн бериле турган бул каражат боюнча эмдиги жылы январда жыйынга чогулары айтылды. Оторбаев өз кезегинде бул программанын экинчи фазасын тезирээк баштоо зарылдыгын белгиледи. Тараптар кызматташуунун деңгээлин жогору деп баалады. (EBM)