Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Прокуратура адвокат Айткуловду лицензиясынан ажыратууну суранды


Башкы прокуратура адвокат Икрамидин Айткуловду коомчулукту адаштырган маалыматтарды байма-бай таратып жатканы үчүн адвокаттык лицензиясынан ажыратуу өтүнүчүн Юстиция министрлигине жөнөттү.

Прокуратуранын түшүндүрмөсү боюнча, “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарына козголгон кылмыш ишти тергөө 28-ноябрда аяктаган. Ошол күнү Камчыбек Ташиевге жана анын адвокаты Айткуловго тергөөнүн жыйынтыгы таанышуу үчүн берилген. Бирок Айткулов тергөөчү бир канча жолу чакырганына карабастан эч себепсиз келбей койгон. Ошондой эле соттук психологиялык-психиатриалык экспертиза тууралуу жалган маалымат тараткан. Башкы прократуранын ырасташынча, Ташиев да, адвокаты да экспертиза жана анын жыйынтыгы тууралуу дооматы жоктугун билдирген.

Айткулов бул экспертиза жүргүзүүгө макул болгонун, бирок анын корутундусуна каршы чыкканын айтып келет. Адвокат лицензиясынан ажыратуу тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчү тууралуу азырынча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG