Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгынын 20 жылдыгына арналган концерт өтөт.
Анда американын блюграсс жана кыргыздын салттуу музыкасы ойнолот. АКШдан келген “Делла мэй” кантри тобу, Кыргызстандын “Устат-шакирт” фольклордук ансамбли жана АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчыларынын аткаруусундагы программа сунушталат. “Делла мэй” тобунунун солисттери скрипкада, гитарада, контрабас, банджодо ойношот жана ырдашат. Элдердин достугуна арналган концерт бүгүн 17:00дө башталат. (AKu)