Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы делген Камчы Көлбаев Дубайдан бүгүн Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Камчы Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, талап-тоноо, кылмыштуу топту уюштуруу, куралдарды жана жарылуучу заттарды алып жүрүү, сактоо, ташуу, маңзаттарды өндүрүү жана таратуу, бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу деген беренелери боюнча айыпталууда.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Камчы Көлбаев учурда УКМКнын тергөө абагында. Атайын тергөө иштери жүрүп жатат.
"Мыйзамдагы ууру" делген Камчы Көлбаевдин Кыргызстан аркылуу өткөн наркотрафикте маанилүү адам экени, мурдагы президенттин бир тууганы, азыр издөөдө жүргөн Жаныш Бакиев менен жакын мамиледе болгону айтылып келет. Ал 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин чет өлкөгө чыгып кетип, эл аралык издөөдө жүргөн. (AKu)