Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

Кенияда мечиттеги жардырууда 3 киши өлүп, 8и жарадар болду


Баш калаа Найробиде адамдар мечиттен чыгып келатканда белгисиз бирөө башкаруучу коалицияга кирген партиянын өкүлүн көздөй граната ыргыткан. Бутага алынган саясатчы ооруканага жаткырылды. Жардыруудан кийин башаламандык башталган. Жаштар жолдорду бөгөп, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөй башташкан. Андан соң полиция жол тоскондорду кубалап чыгып, окуя болгон жерди курчоого алган. Кенияда соңку кездеги мындай чабуулдарды коңшу Самолидеги исламчыл «Аш-Шабааб» тобу уюштуруп жатканы айтылууда.

 

XS
SM
MD
LG