Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

“Куландан” кайрадан көмүр алуу маселеси каралат


Казакстандын “Кулан-Көмүр” ишканасынан кайрадан көмүр алуу маселесин карап чыгууга байланыштуу кайрылуу менен “Электр станциялары” АК парламентке кайрылган. Бул маселени бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети карайт.

Былтыр күзүндө Казакстандын Кулан кенинен Кыргызстанга ташылып келген көмүрдүн радиациялык фону тиешелүү чектен 8-10 эсе көп экени аныкталып, бул көмүр кайра Казакстанга жеткирилгени белгилүү. Бирок уулуу көмүр ташылышына тиешеси бар деп шектелген ошол кездеги энергетика министри, “Электр станциялар” мекемесинин жетекчиси соттон толугу менен акталган эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG