Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

БУУ: сириялык качкындардын саны жарым миллиондон ашты


Улуттар Уюмунун качкындар агенттиги Сириядагы согуштан улам там-жайын таштап качкан 510 миң сириялык катталганын же каттоодон өтүп, жардам алып жатканын билдирди. Расмий билдирүүдө Ливан, Иордания, Ирак, Түркия жана Түндүк Африкага баш паанек издеп барган 250 миңдей сириялык качкын макамын ала элек деп көрсөтүлөт. Күн сайын 3 миңдей сириялык бозгун макамына жетип, гумжардам алганга умтулат.

Сириянын өзүндө президент Башар Асадды колдогон өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын урушу жүрүүдө. Асадга каршы көтөрүлүш 18 ай мурда башталган.

XS
SM
MD
LG