Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Атамбаев: Аскаровдун маселесин президент эмес, сот чечиши керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал эгер Аскаровдун иши кайра каралышына негиз болсо, ага өзү да кызыкдар экенин билдирип, бирок бул маселени президент эмес, сот чечүүгө тийиштигин, бул демократиялык өлкөлөрдүн баарына мүнөздүү нерсе экендигин кошумчалады.

Германиянын канцлери Ангела Меркел өз кезегинде кыргыз президенти менен адам укуктары тууралуу сүйлөшкөнүн белгилеп, өлкөдө этникалык азчылыктардын укуктары сакталышына коомчулук көз салып турат деп бекемдеди.

Кечээ адам укугун коргогон "Хьюман Райтс Уотч" уюму немис канцлери Ангела Меркелди кыргыз президенти менен жолукканда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына олуттуу тынчсыздануусун билдирүүгө чакырган эле. (ZKo/SM)

 

XS
SM
MD
LG