Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

АКШ президенти кыргын болгон мектепке барат


Коннектикут штатынын Ньютаун шаарында президент Барак Обама бүгүн бара турган Cэнди-хук мектебинде жума күнү куралчан жигит ок атып, 26 кишини, анын ичинде 20 жаш баланы мерт кылган.

Штат бийликтери ок жеп каза тапкандардын ысымдарын жарыялады. Мектеп окуучуларынан 12 кыз менен сегиз бала 6-7 жаш курактагылар. Калган алтоосу мектептин аял мугалимдери.

Окуучуларга ок аткан жигиттин үй-бүлөсү курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуусун билдирди.

Жыйырма жаштагы Адам Ланза ысымдуу жигит маалыматтарга караганда, курал менен мектепке келгенге чейин өз үйүндө энесин атып өлтүргөн. Мектептеги кыргындан кийин өз жанын өзү кыйгандай. (UE)

XS
SM
MD
LG