Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Президент Атамбаевдин Москвага иш сапары башталат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапар менен Москвага жөнөп кетет. Ал Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитине жана Евразия экономикалык шериктештигинин мамлекеттик кеңешинин жыйынына катышат.

ЖККУнун жыйынында уюмдун бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчет угулат жана 2020-жылга чейинки планы, Өзбекстандын уюмдун чыгуу тууралуу арызы талкууланат.

Буга чейин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖККУнун саммитинин алкагындагы Алмазбек Атамбаевдин орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда Кыргызстанга аскердик жардам тууралуу сүйлөшөөрүн да билдирген.

Ноябрь айында орусиялык бир катар басылмалар Орусия Кыргыз армиясынын курал-жарагын жаңыртуу үчүн 1.1 миллиард доллар бөлөөрү тууралуу жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG