Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Жалал-Абадда “Ырдайлы кыргыз ырларын” сынагы аяктады


Жалал-Абад шаарында ар кыл улуттардын арасында уюштурулган “Ырдайлы кыргыз ырларын” сынагы жыйынтыкталды. Облустагы тил комиссиясынын башчысы Үпөл Асаналиеванын билдиришинче, сынакка орус, татар, уйгур, немис, тажик жана өзбек улутунун 23 өкүлү катышты. Баш байгени Жалал-Абад педагогикалык колледжинин студенти Барно Мамитова утуп алды. “Ырдайлы кыргыз ырларын” сынагы мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу жана улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында уюштурулду. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG