Бул тууралуу Владимир Путин бүгүн президенттигинин үчүнчү мөөнөтүндөгү алгачкы пресс-конференция учурунда айтты:
- Биздин мамиледеги өтө татаал проблемаларды кантип жөнгөрөбүз? Менде азырынча жооп жок. Бирок бул иштин үстүнөн кесипкөйлүк менен алектенүүгө даяр адамдар пайда болгондуктан бирге ойлонолу.
Путин кырдаалды туңгуюкка грузин президенти Михаил Саакашвили алып келгенин белгилеп, Орусия Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө деп тааныган чечимин өзгөртпөй турганын кошумчалады.
Грузия болсо Абхазия менен Түштүк Осетияны өз аймагынын бир бөлүгү катары санайт.
Путиндин айтымында, ал Грузиянын жаңы өкмөтүнөн жалпысынан оң белгилерди алып жатат жана экономикалык кызматташтыкты жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр бар.
Грузиянын учурдагы премьер-министри Бидзина Иванишвили Орусия менен мамилени оңдоону көздөрүн буга чейин бир нече жолу айткан. (UE)