Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Акыр заманчылар бүгүн кыямат кайымды күтүшүүдө


Дүйнө жарандары байыркы мая жылнамеси боюнча кыямат кайымдын келишин белгилешүүдө. Акыр заманды күткөн жооп топ адамдар Мексикадагы жана Ортолук Америкадагы маялардын байыркы храм-конуштарына чогулушууда. Апаат болот деп коркуп, бетон жабыттарды, тоо койнундагы үңкүрлөрдү жана айылдарды паанек кылып жаткандар да бар. Дүйнө өлкөлөрүндө акыр заманга арналып, каалоочулар үчүн атайын сый тамактар да уюштурулган. Маялардын урпактары Кыямат күнгө ишенгендерди сындашап, өздөрү 21-декабрды ата-бабаларынын байыркы конуш жайларында купуя майрамдашууда. Окумуштуулардын айтышынча, байыркы маялардын көзү ачык олуялары эч кандай кыямат кайым жөнүндө айтышкан эмес жана жаңы жыл санактын башталарын белгилеп айтышкан.

XS
SM
MD
LG