Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Президент Жогорку Соттун судьялыгына 4 талапкерди жактырды


Президент Алмазбек Атамбаев 21-декабрда Жогорку Соттун судьялыгына 4 талапкердин тизмесин Жогорку Кеңешке жөнөттү. Парламент аларды бекитсе, Жогорку Сотто 30 судья болот. Жалпысынан быйыл Жогорку Соттогу 35 орунга сынак жарыяланган. Сентябрда 26 судья тандалып алынып, 9 орун бош калган болчу.

Ал эми кийинки сынакка 7-ноябрда талапкерлер кабал алынып бүткөн. 27 талапкердин ичинен Сотторду тандоо кеңеши 8 адамдын тизмесин президентке жөнөткөн. Президент өз кезегинде төртөөнү жактырды. Соттор үч айлампалуу конкурста тандалды. (AKu)

XS
SM
MD
LG