Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Орусиянын мурдагы коргоо министри сурак берет


Экс-министр Анатолий Сердюков мамлекеттик мүлктү кыянаттык менен пайдаланган деген негизде Тергөө комитетине суракка чакырылды.

Тергөө комитетинин төрагасы Владимир Маркин сурак жума күнү өтөөрүн билдирди.
Сердюков нобярь айында президент Путиндин буйругу менен кызматтан алынган. Экс-министр кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө. Ал министр кезинде анын кол алдында иштеген Евгения Васильева көз бойомочулук менен мамлекеттик мүлктү уурдаган деп айыпталууда. Васильева кыймылсыз мүлктү арзан баада сатып, мамлекетке 100 миллион доллар зыян тарттырган деген айып коюлган.

Бул иш ачылгандан кийин Васильева ал кездеги министр Сердюков менен көңүлдөш болгону ачыкка чыккан. Алтургай Васиельеваны полиция кармаганы барганда анын батиринде министр болгонун маалымат каражаттары жазып чыккан.

Ал ортодо орусиялык кээ бир медиа каражаттар экс-министр Сердюков качып кеткенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG