Келерки жылы Кыргызстанга Кытайдын эмес, Европадан сапаттуу айыл чарба техникалары келээрин “Азаттыкка” вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, учурда айыл-чарба техникасын жакшыртуунун үстүнөн иштер жүргүзүлүп жатат. Беларустан тракторлор, Орусиядан комбайндар жана Польшадан кызылча чогултчу комбайндарды лизинг аркылуу алып келүү пландалып жатат.
Буга чейин дыйкандар лизинг же грант аркылуу келген Кытай өндүрүшүнөн чыккан техникалар сапатсыз экенин, бат бузулуп жатканын айтып арызданып келишкен.
Буга чейин дыйкандар лизинг же грант аркылуу келген Кытай өндүрүшүнөн чыккан техникалар сапатсыз экенин, бат бузулуп жатканын айтып арызданып келишкен.